Бишкектеги ооруканада медкызматтардын жеткиликтүүлүгү текшерилди

Экономика жана коммерция министрлиги президенттин Иш башкармалыгына караштуу Клиникалык ооруканада медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички баалоо жүргүздү.
Ведомствонун маалыматына караганда, баалоодо бейтаптардын ооруканада болуу шарттары, палаталардын абалы, каттоо жана тейлөө тартиби, тамактануунун сапаты, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана тарифтер каралды.
Ошондой эле жумушчу топ бейтаптар менен маектешип, алардын медициналык кызматтардын сапаты жана жеткиликтүүлүгү боюнча пикирлерин укту.
Мындан тышкары, онлайн жазылуу, электрондук кезек, анализдердин жыйынтыгын алуу, электрондук эмгекке жарамсыздык баракчасы жана «Түндүк» системасы менен иштешүү сыяктуу санариптик кызматтар бааланды.
Баалоонун жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалат.



