Саясат

Президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы бекитилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын 1 миллиард 200 миллион сом деп бекитишти.

БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров бул сумма экинчи турду эске алуу менен айтылып жатканын, бир эле тур менен бүтсө сумма азаярын билдирди.

Белгилей кетсек, Жогороку Кеңеш кечээ президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындаган. Аптанын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча, дем алыш деп жарыяланган.

Тектеш кабарлар

Back to top button