Коом
26-сентябрга карата аба ырайы

Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22…+27, Таласта +19…+24, Ысык-Көлдө +17…+22, Нарын чөлкөмүндө +12…+17 градус болот.
Бишкекте жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +23…+25 градусту көрсөтөт.



