Коом
Кыргызстанда аскерлер үчүн даярдалган азык-түлүктүн 90 пайызы өлкө ичинде өндүрүлөт

Кыргызстандын аскер кызматкерлери үчүн даярдалган тамактануу рациондорундагы азык-түлүктүн 90 пайызы өлкө ичинде өндүрүлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, «Кыргыз агрохолдинг» ишканасы тамак-аш салынган 41,3 миң баштыкты жасап берүүгө буюртма алган.
Рацион даярдоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын колдонууга басым жасалууда. Бул жергиликтүү айыл чарба жана кайра иштетүү тармагын колдоого багытталган.



