Кыргызстанда январь–июль айларында 976 ымыркай чарчап калган

Кыргызстанда январь–июль айларында бир жашка чейинки 976 бала чарчаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда айтылат.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде чарчаган ымыркайлардын саны 923тү түзгөн.
Быйылкы жылдын январь–июль айларында ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери:
- перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар — 664 бала (чарчаган ымыркайлардын жалпы санынын 68 пайызы);
- тубаса өнүгүү кемтиктери — 161 ымыркай (16 пайыз);
- дем алуу органдарынын оорулары — 86 бала (9 пайыз).
Белгилей кетсек, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу маселеси Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы коллегияларынын биринде көтөрүлгөн.
Буга чейин министрлик 2030-жылга чейин перинаталдык кызматты реформалоону пландап жатканын билдирген.
Негизги багыттардын катарында:
үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча иштерди өнүктүрүү каралган.
кош бойлуу аялдарды көзөмөлдөө жана бейтаптарды тиешелүү медициналык мекемелерге жөнөтүү системасын өркүндөтүү;
медициналык жардамдын сапатына басым жасоо менен антенаталдык көзөмөл стандарттарын кайра кароо;
пренаталдык скринингдин заманбап технологияларын киргизүү;
генетикалык лаборатория түзүү;



