Коом

Кыргызстандыктар арасында чет өлкөдө иштөө үчүн эң көп талап кылынган багыттар аталды

Чет өлкөлөрдө жарандарды ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктар арасында эң көп талап кылынган багыттарды атады. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Мээрим Беккожоева билдирди.

Анын маалыматына караганда, жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча Түркия, Улуу Британия, Германия, Россия жана Болгария эң көп талап кылынган багыттардын катарына кирет.

Ал белгилегендей, Түркияда кыргызстандыктар негизинен тейлөө тармагында — мейманкана жана ресторан бизнесинде иш табышат. Улуу Британияда алты айга чейинки мөөнөткө сезондук айыл чарба жумуштары сунушталат. Ал эми Болгарияда курорттук жана мейманкана тармагындагы жумушчуларга суроо-талап жогору.

Ошондой эле борбор кыргызстандыктарды Түштүк Кореяга ишке орноштуруу боюнча да иш алып барат. Ал жакта алар өндүрүш ишканаларына тартылат. Словакияда болсо машина куруу ишканаларына жумушчулар жана айдоочулар талап кылынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button