Коом

Кыргызстанда $1 млрд инвестициянын көлөмү менен фармацевтикалык индустриалдык парк түзүү пландалууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «21st Century Biomedicine» компаниясы Кыргыз Республикасында фармацевтикалык индустриалдык парк түзүү долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, долбоорду уюштуруучулук, техникалык жана юридикалык жактан коштоо боюнча өнөктөш катары ОсОО «МедФарм Консалтинг» компаниясы иш алып барат.

Долбоор 20 гектар аянтта жалпы көлөмү 1 млрд АКШ долларын түзгөн заманбап толук циклдүү комплексти курууну карайт. Долбоорду алты жылдын ичинде үч этапта ишке ашыруу пландалууда. Индустриалдык парктын курамында илимий-изилдөө борборун, GMP ЕАЭБ стандарттарына ылайык дары-дармек өндүрүүчү кубаттуулуктарды, медициналык буюмдар борборун, химиялык дары-дармек каражаттарын өндүрүү базасын, ошондой эле башкы кеңсени жана бизнес-инкубаторду түзүү каралган.

«Кыргызстан үчүн мындай долбоорду ишке ашыруу ата мекендик фармацевтика өнөр жайын өнүктүрүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана ички рыноктун дары-дармек менен камсыз болушун жогорулатуу үчүн практикалык мааниге ээ. Биз жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүүгө, ошондой эле өлкөнүн экспорттук потенциалын калыптандырууга багытталган долбоорлорго инвестиция тартууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Сунушталган концепцияга ылайык, долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын дары-дармек менен өзүн-өзү камсыз кылуу деңгээлин 4%дан 25–30%га чейин жогорулатууга, болжол менен 2 500–3 000 түз жумуш ордун жана 10 миңден ашык кыйыр жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле долбоор фармацевтикалык өндүрүштү өнүктүрүүгө жана продукцияны Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин рынокторуна экспорттоону кеңейтүүгө багытталат.

Меморандумга кол коюу фармацевтика тармагын өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын ички рыногун дары-дармек менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button