Коом

Кыргызстанда дагы 63 билим берүү мекемесинде ысык тамак бериле баштады

Кыргызстандын бардык аймактарындагы дагы 35 мектепте, 16 бала бакчада жана 12 кесиптик-техникалык лицейде ысык тамак берүү ишке киргизилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ысык тамакты уюштуруу Билим берүү министрлиги тарабынан БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун кеңейишине БУУ ДАТПнын бир катар багыттар боюнча көрсөткөн колдоосу өбөлгө болду.

Анын ичинде:
тамак даярдоо үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында мектеп

ашканаларын реконструкциялоо;

тамак-аш даярдоонун сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап ашкана жабдууларынын 30дан ашык түрүн берүү;

мектептерде балдарды үзгүлтүксүз тамактандырууну камсыз кылуу үчүн эки окуу жылына жетиштүү байытылган буудай унун жеткирүү;

мектеп ашпозчуларынын квалификациясын жогорулатуу жана тамакты туура даярдоо принциптерин киргизүү максатында онлайн жана офлайн форматта 20га жакын окуу өткөрүү.

«Эми өлкө боюнча дагы көптөгөн билим берүү мекемелери жергиликтүү азыктардан коопсуз жана пайдалуу тамактарды даярдап, миңдеген балдарды жана окуучуларды ысык тамак менен камсыздай алышат», — деп белгиледи министрлик.

Тектеш кабарлар

Back to top button