Коом

Көл жана суу сактагычтар таштандылардан тазаланды

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы «Алтын кум» эс алуу жайынын акваториясы таштандылардан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы билдирди.

Суучулдар тарабынан жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн болжол менен 250 кг ар кандай таштанды чыгарылды.

Мындан тышкары, Токтогул суу сактагычынын акваториясынан 26 даана балык уулоочу тор алынды. Алардын жалпы узундугу болжол менен 2 миң 600 метрди түзөт.

Тазалоо иштери суу объектилерин таштандылардан жана кароосуз калган балык уулоочу торлордон тазалоого багытталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button