Бишкек жана Ош шаарларында төрөттүн көрсөткүчү төмөндөдү

Кыргызстандын эки ири шаарында төрөттүн жалпы коэффициенти байкаларлык төмөндөдү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2021-жылы бойго жеткен ар бир аялга орто эсеп менен 2,89 бала туура келсе, өткөн жылы бул көрсөткүч 2,58ге чейин азайган.
Ошол эле учурда аймактардагы төрөттүн динамикасы бирдей болгон жок. Жалпы коэффициент Чүй облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан башка дээрлик бардык аймактарда өскөн. Эң кескин төмөндөө борбор калаада катталды: бир аялга эсептелген баланын саны 3,3төн 1,32ге чейин түштү. Ал эми Ош шаарында бул көрсөткүч 5,37ден 2,41ге чейин кыскарган.
Демографтар калктын санын табигый калыбында сактап туруу үчүн төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга орточо 2,01–2,1 баланын тегерегинде болушу керектигин белгилешет.
Төрөттүн жалпы коэффициенти — бул төрөт курагындагы аялдардын ошол мезгилдеги көрсөткүчү сакталып калган шартта, бир аял өзүнүн репродуктивдик курагында төрөй турган балдардын саны.



