Коом

ИИМ «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж баштады. ВИДЕО

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги жарандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана коррупцияга карата келишпес мамилени калыптандыруу максатында «Коррупцияга жол жок!» аттуу челлендж баштады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Демилге президенттин жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата мамлекеттик стратегиянын алкагында ишке ашырылууда.

Челлендждин максаты — коомчулуктун көңүлүн коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө буруу, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мыйзамдуулукту сактоо мамлекет менен коомдун жалпы жоопкерчилиги экенин белгилөө.

Демилгенин алкагында ИИМ эстафеталык вымпелди Агартуу министрлигине өткөрүп берип, челленджди улантууга жана ага көбүрөөк катышуучуларды тартууга чакырды.

Уюштуруучулар жарандарды демилгени колдоого жана коррупциядан таза, адилеттүү коомду түзүүгө өз салымын кошууга чакырышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button