Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болду

Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейинки жетекчи Азамат Джапаров башка кызматка дайындалганына байланыштуу кызматынан кеткен. Ал «Кызмат» мамлекеттик мекемесин 2025-жылдын декабрь айынан бери жетектеп келген.
Нургазы Атканов 1983-жылы 8-мартта төрөлгөн.
Талас мамлекеттик университетинин «Экология» багыты боюнча жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын «Юриспруденция» адистиги боюнча билим алган.
Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын (МЖАК) тутумунда баштаган. Инструктор жана инспектор кызматтарынан тартып, башкармалыктын башчысынын орун басарына чейин жеткен.
2017–2022-жылдары президенттин аппаратында эксперт, инспектор жана бөлүм башчысынын орун басары кызматтарында иштеген.
2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкармалыгында бөлүм башчысы болуп иштеген. Анын ичинде адам ресурстарын башкаруу бөлүмүн жетектеген.
2025-жылдын 18-ноябрынан тартып «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалаган.



