Саясат

Кыргызстанда электр энергиясындагы маселени чечүүгө дагы 2,5 жыл керек

Кыргызстанда учурда электр энергиясынын тартыштыгы 3–4 миллиард кВт/саатты түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, эгер соңку жылдары күн электр станциялары жана чакан ГЭСтер курулбаганда, жетишсиздик 8–9 миллиард кВт/саатка жетмек. Ошондой эле ал өлкөдө өнөр жай өсүп, социалдык объектилер арбын курулгандыктан керектөө кескин жогорулаганын белгиледи.

«Эң көп электр керектелген маалда импорттоочу өлкөлөрдүн өзүндө — Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда да электр энергиясы жетишпейт. Алар өздөрүнө да электр энергиясын жеткире албай жаткандыктан, бизге бере алышпайт. Айла жоктугунан электр жарыгын 1–2 саатка өчүрүүгө аргасыз болуудабыз. Маселени чечүүгө дагы 2,5 жылдай убакыт керек. Чыдай турушубуз керек», — деди Жапаров.

Президент Камбар-Ата ГЭСинин курулушу толук аяктагандан кийин Кыргызстан электр жарыгынын тартыштыгынан кутулуп, аны сыртка экспорттоого мүмкүнчүлүк аларын кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button