Коом

Министр Кара-Кулжа районундагы жер көчкү активдешкен аймакка барды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кара-Кулжа районундагы жер көчкү активдешкен аймакка барып, кырдаал менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде активдешкен жер көчкү турак үйлөргө жана Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолуна коркунуч жаратууда.

Адистердин изилдөөсү боюнча, жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көчкү массасынын көлөмү 42 миң 800 куб метрди түзөт. Жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрге жеткен.

Министр тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жеринде жүргүзүлүп жаткан иштерди карап, жарандардын коопсуздугун камсыздоо чаралары тууралуу маалымат алды.

Учурда адистер жер көчкүнүн абалына мониторинг жүргүзүп, кырсыктын кесепеттерин алдын алуу иштерин улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button