«Эрезе» кыргыз тасмасы Бразилиядагы эл аралык кинофестивалга тандалды

Кыргызстандык режиссёр жана сценарист Наргиза Дотиеванын «Эрезе» көркөм тасмасы Бразилияда 15–29-октябрь күндөрү өтө турган Сан-Паулу шаарындагы 50-Эл аралык кинофестивалдын (Mostra Internacional de Cinema em São Paulo) көрсөтүү программасына тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тасма «Кыргызсериал» чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмеси тарабынан тартылган. Фестивалдын алкагында дүйнөнүн 93 өлкөсүнөн жалпы 380 тасма көрсөтүлөт.
Сан-Паулу кинофестивалы дүйнөлүк кинематографиядагы маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Ал көз карандысыз кинону колдоого, жаңы чыгармачыл ысымдарды ачууга жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
«Эрезе» тасмасынын фестивалдын программасына тандалышы кыргыз киносун эл аралык көрүүчүлөргө таанытууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, улуттук кинематографиянын дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөөгө өбөлгө түзөт.



