Жаңгак стресс менен күрөшүүгө жана маанайды жакшыртууга жардам берет

Жаңгакты күнүмдүк тамактануу рационуна кошуу адамдын стресске туруктуулугуна жана маанайына оң таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу невролог Артем Барышев RT басылмасына берген маегинде билдирди.
Адистин айтымында, жаңгактын курамында серотониндин синтезине катышкан триптофан аминокислотасы, ошондой эле магний, В тобундагы витаминдер жана нерв системасынын нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон каныкпаган май кислоталары бар.
«Ошондуктан жаңгакты үзгүлтүксүз колдонуу эмоционалдык абалга жана стресске туруктуулукка оң таасирин тийгизиши мүмкүн», — деп белгиледи Барышев.
Неврологдун сөзүнө караганда, жаңгактын организмге пайдалуу таасирин камсыз кылуу үчүн күнүнө 20–30 грамм жеш жетиштүү.Айрыкча бул жагынан грек жаңгагы, бадам, кешью жана мисте пайдалуу болушу мүмкүн экенин адис баса белгиледи.



