Пайдалуу кеңештер

Невролог күндүзгү уйкунун идеалдуу узактыгын атады

Невролог Пабло Ферреро күндүзкү уйку өтө узак болбошу керектигин билдирди. Ал La Nación басылмасына берген маегинде күндүз уктоонун идеалдуу узактыгын атады.

«Эгер күндүз уктоо күнүмдүк жашооңуздун бир бөлүгү болсо, анда анын кыска болушу сунушталат», — деп белгиледи Ферреро. Анын айтымында, изилдөөлөргө ылайык, күндүз 26 мүнөт уктоо жетиштүү.

Адистин түшүндүрмөсүнө караганда, бул убакыт аралыгында адам күч-кубатын калыбына келтирип, бирок ойгонууну бир топ кыйындаткан терең уйку баскычына өтүп кетпейт.

Ошол эле учурда дарыгер күндүз уктоо апта бою топтолгон чарчоонун ордун толтура албасын баса белгиледи. Мисалы, дем алыш күндөрү күндүз бир нече саат уктоо циркаддык ритмдердин, башкача айтканда, организмдин ички биологиялык саатынын дагы көбүрөөк бузулушуна алып келиши мүмкүн экенин эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button