Коом
Өлкөдө 1 млн. сомдон жогору акча алмаштыргандар дыкат текшерилет

Улуттук банк миллион сомдон жогору суммадагы акча алмаштыргандарды дыкат текшерүүнү милдеттендирген токтому бүгүндөн тарта күчүнө киргенин маалымдады.
Башкы банктын жаңы талаптарына ылайык, акча алмаштырган жайлар 1 000 000 сом же андан көп суммадагы акча алмаштырганда кардардын ким экенин жана акчанын чыныгы ээсин тактоого милдеттүү болот.
Ошондой эле акча алмаштырган кишинин же юридикалык жактын санкциялык тизмелерде бар-жогу да текшерилиши абзел.
Токтом 1-октябрда кабыл алынган.



