Япония Кыргызстанга 3,5 миллион доллар грант берет

Япония Кыргызстанга жол техникасын сатып алуу үчүн 533 миллион иен, же болжол менен 3,5 миллион доллар өлчөмүндө грант берет. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилди.
Каражатка жол фрезалары, топуракты турукташтыруучу жабдуулар жана жол катоктору сатып алынары пландалууда. Техника Кыргызстан аркылуу өткөн эл аралык транспорттук коридорлорду кошкондо, автомобиль жолдорун оңдоо жана реконструкциялоо иштеринде колдонулат.
Негиздеме-маалымкатта өлкөнүн жол тармагында заманбап техниканын жетишсиздиги белгиленген. Колдонуудагы жабдуулардын 35 пайызга жакыны иштен чыккан. Ал эми тармактын техникага болгон муктаждыгы 2 миңден ашат.
Өзгөчө көңүл тоолуу аймактардагы жолдорго бурулат. Анткени мындай жерлерде жолдорду оңдоо татаал рельеф, жер көчкү жана башка табигый факторлордон улам кыйынчылык жаратат.
Долбоорду иштеп чыгуучулардын баамында, заманбап жол фрезаларын колдонуу оңдоо иштеринин мөөнөтүн кыйла кыскартат. Учурда техника жетишсиз болгондуктан, бузулган жол тилкелерине кээде асфальт кайрадан төшөлүп, натыйжада айрым жерлерде жол катмарынын калыңдыгы 15 сантиметрге чейин жетет.
Жаңы техника асфальттын бузулган катмарларын натыйжалуу алып салууга, жолдун негизин бекемдөөгө жана автомобиль жолдорунун кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүндүк берет.
Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы ноталар жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен гранттык келишим 2026-жылдын 14-августунда Бишкекте кол коюлган.
Келишимдер күчүнө кириши үчүн парламент тарабынан ратификациялоону кошкондо, өлкө ичиндеги тиешелүү жол-жоболор аякташы керек.
Негиздеме-маалымкатта долбоорду ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбай турганы белгиленген.



