Коом
Өмүрзаков: Бишкекте көп саат иштеген автобус айдоочулары 210 миң сомго чейин табат

Бишкек шаарында автобус айдоочуларынын айлык маянасы орточо 70–80 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт ишканасынын башчысы Артур Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.
Ал көп саат иштеген айдоочулар айына 210 миң сомго чейин таба алышарын белгиледи.
«Айдоочу канчалык көп саат иштесе, маянасы ошончолук көп болот. Бирок ошол эле маалда бригадир анын ишин көзөмөлдөп турат. Айдоочулар орто эсеп менен 70-80 миң сом табат», — деди Өмүрзаков.
Буга чейин айдоочулардын бири 15 нөөмөткө чыкканда 80-85 миң сом алары айтылган.



