Сыймык Жапыкеев «Кыргызтестти» кайра тапшырды

Бүгүн, 22-октябрда, Сыймык Жапыкеев «Кыргызтестте» дилбаянды кайра жазды. Бул тууралуу ал Kaktus.media басылмасына өзү билдирген.
Буга чейин Жапыкеев мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу сынактан өткөнү менен, сертификат алуу үчүн жетиштүү балл топтой алган эмес. Ал эми мындай сертификат Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин коюу үчүн зарыл.
Жапыкеевдин айтымында, бул жолкусунда ал «Эл биримдиги» деген темада гана дилбаян жазган. Анын пикиринде, тапшырманы жакшы аткарган.
«Бул жолу сынакка кыйла тыкыр даярдандым. Анын үстүнө, бул тема мага жакыныраак болду. Жыйынтыгы кийинки жумада чыгат. Эгер сертификат алсам, дароо БШКга документтеримди тапшырам», — деген ал.
Ошондой эле Жапыкеев президенттикке талапкер катары катталуу үчүн зарыл болгон башка документтердин баары даяр экенин белгилеген. Мындан тышкары, шайлоо күрөөсү үчүн белгиленген 1 миллион сом да чогултулганын айткан.
Эске салсак, буга чейин Сыймык Жапыкеев «Кыргызтесттен» өтпөй калганы маалымдалган. Ал тесттин онлайн бөлүгүнөн өтүп, 63 жана 70 балл алган. Өтүү үчүн 60 балл талап кылынат. Бирок жазуу жана угуп түшүнүү бөлүктөрүнөн жетиштүү балл топтой алган эмес.



