Окуялар

УКМК эл аралык эки баңгизат тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Видео

УКМК тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстандын аймагына синтетикалык баңгизаттардын ири партияларын ташып келүүгө тиешеси бар эл аралык уюшкан эки баңгизат тобунун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргызстандын аймагында синтетикалык баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук баңгизат топторунун ишмердүүлүгү аныкталып, токтотулду.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын аймагында кылмыш үстүндө Кыргыз Республикасынын 7 жараны: П.И.Н., С.Э.Э., Т.А.Ж., К.у.С., А.Н.А., А.И.К. жана К.М.К. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы баасы 3,5 миллион сомдон ашкан синтетикалык «Альфа-ПВП» баңгизаты алынды.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button