Спорт
Кыргызстандык мушкер Японияда экинчи жеңишине жетти

Кыргызстандык мушкер Ырысбек Тиленов (9-1) Япониянын «RIZIN» лигасында экинчи беттешин өткөрдү.
22 жаштагы кыргызстандык 8-ноябрда Фунабаси шаарында өткөн «RIZIN 55» турниринде беттешти. Анын атаандашы лиганын экс-чемпиону жапониялык Наоки Иноуэ (21-6) болду, ал «UFC’де» эки беттеш (1-1) жана «PFL’де» бир беттеш өткөргөн.
Беттеш калыстардын чечими менен Тиленовдун жеңиши менен аяктады. Ал үчүн бул «RIZIN’деги» экинчи жеңиш болду. Дебюттук беттешин 17-июлда өткөргөн, анда Хиросимада жапониялык Шинобу Отаны (8-6) экинчи раундда нокаут менен жеңип алган.



