Коом

Кыргызстандыктар Сейшел аралдарына визасыз бара алышат

Садыр Жапаров «Министрлер кабинети менен Сейшел аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Келишимге ылайык, Сейшел аралдарына саякаттагандар бир сапарда 30 күнгө чейин, бирок жылына 90 күндөн ашпаган мөөнөттө жүрө алышат. Ушундай эле шарттар Сейшел аралдарынын жарандары үчүн да колдонулат.

Тектеш кабарлар

Back to top button