Кыргызстанда пенсиялык бюджет 122 миллиард сомго жетти: Социалдык фонд пенсиялардын өсүшү тууралуу маалымдады

Кыргызстанда пенсия төлөөгө багытталган жылдык бюджет акыркы 4-5 жылдын ичинде кескин өсүп, 52 миллиард сомдон 122 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары пенсиянын эң төмөнкү өлчөмү дагы олуттуу жогорулатылган.
Муну менен катар, Бактияр Алиев айрым категориядагы жарандардын, атап айтканда, үчүнчү топтогу майыптыгы бар адамдардын пенсиясынын базалык бөлүгү 50 пайыз өлчөмүндө төлөнөрүн эскертти. Ошондуктан алардын жалпы пенсиясы 8 миң 800 сомго жетпей калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Мындан тышкары, жаза аткаруу мекемелеринде, карылар үйлөрүндө жана башка ушул сыяктуу мекемелерде жашаган пенсионерлерге пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү гана төлөнөрү маалым болду. Аталган жарандар аталган мекемелерден чыккандан кийин гана пенсиясы толук көлөмдө төлөнө баштайт.



