«Амир турган жерин төрт жолу жөнөткөн». Агасы издөө иштерине байланыштуу суроо салды

Бишкектеги Ала-Арча жаратылыш паркында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакунов ӨКМге жардам сурап телефон чалып, 30 мүнөттүн ичинде төрт жолу турган жерин картадан жөнөткөн. Бул тууралуу өспүрүмдүн агасы Азим Кунакунов билдирди.
Анын айтымында, жакындары издөө иштери эмне себептен кеч башталганын, ошол күнү чечимдерди ким кабыл алганын жана куткаруучулардын аракеттерине ким жооп берерин билбей турушат. Үй-бүлөсүнүн маалыматына караганда, издөөгө алгачкы эки куткаруучу беш сааттан кийин гана жөнөтүлгөн.
Азим Кунакуновдун айтымында, маркумдун жакындары дагы деле айрым суроолорго жооп таба албай бушайман. Издөө иштери кандай уюштурулган, качан башталган, куткаруучулар эмне кылды, кайда жүрдү, шалаакылыкка ким жооп берери белгисиз бойдон калууда.
“Амир өзү телефон чалып, жардам сураган, координаттарын жөнөткөн жана аны куткарууга келишет деп күткөн. Ар бир саат өтө маанилүү болчу. Эмне үчүн Амир чалып, координаттарын бергенден кийин дароо бардык зарыл күчтөр жана каражаттар тартылган эмес? Ошол күнү кечинде чечимдерди ким кабыл алган? Эмне үчүн ошол учурда тоодо жүргөн жана тез арада жардамга келе алган башка куткаруучулар, альпинисттер же ыктыярчылар тартылган эмес?” — деп өспүрүмдүн агасы суроо салды.
Агасы келтирген окуялардын хронологиясы:
▪️ 7-ноябрь, саат 19:02. ӨКМге Амирден жардам сураган чалуу түшкөн
▪️ 19:02ден 19:30га чейин. Амир байланышта болуп, төрт жолу геолокациясын жөнөткөн
▪️ Саат 21:58. Амирдин WhatsApp тиркемесиндеги акыркы активдүүлүгү катталган. Ал учурда онлайн болгон
▪️ Буга чейин Амир апасы анын кайда жүргөнүн көрүп, кабатыр болбошу үчүн “2ГИС” тиркемесиндеги геолокациясын өчүрүп койгон
▪️ 8-ноябрга караган түнү, саат 00:00 чамасында. Биринчи жолу жардам сурагандан болжол менен беш саат өткөндөн кийин гана издөөгө эки куткаруучу жөнөтүлгөн
▪️ Үй-бүлөнүн маалыматы боюнча, куткаруучулар белгиленген акыркы чекитке чейин жеткен эмес. Алардын бири кошумча күч сурап келүү үчүн артка кайтып, тоодон түшкөн
▪️ 8-ноябрь, таңкы саат 06:00 чамасында. Альпинисттер кошумча топ алып келүү үчүн түшүп келе жаткан ӨКМ кызматкерлеринин бирине жолуккан
▪️ 8-ноябрь, кечки саат 18:00 чамасында. ӨКМ кызматкерлери баланын апасына активдүү издөө иштери токтотулганын билдиришкен. Бул кабар үй-бүлө үчүн дагы бир оор сокку болгон.
“Ошол эле күнү издөөгө ыктыярчылар да кошулган. Алар ӨКМден геолокацияны жана буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери тууралуу маалыматтарды берүүнү суранышкан. Бирок керектүү маалымат берилген эмес. ӨКМ активдүү издөө иштерин токтоткондон кийин да ыктыярчылар издөөнү уланта берген. ӨКМ кызматкерлери активдүү издебей, алыстан байланышта болуп турушкан”, — деди Азим Кунакунов.
Баланын сөөгүн ыктыярчы Ильяр Бакаев тапкан. Анын айтымында, ал издөө кызматтарынан геомаалыматтарды 9-ноябрда саат 10:01де алган. Андан кийин Электро чокусуна карай жолго чыгып, саат 15:45те Амирди тапкан.



