Окуялар
Колунда баласы бар жубайын күч менен унаага отургузууга аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте эркек киши колунда кичинекей баласы бар жубайын күч менен унаага отургузууга аракет кылган жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Видео социалдык тармакка тармакка жарыяланган.
Маалым болгондой, окуя 15-ноябрда саат 20:00 чамасында Новопавловка айылындагы Семиз-Көл көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Чырдын катышуучулары жубайлар болуп чыкты: 2002-жылы туулган К.К. жана анын жубайы 2004-жылы туулган А.К.
Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн экөө тең Бишкектин Ленин райондук милициясына жеткирилген.
К.К.га карата КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 70-беренеси (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча протокол түзүлдү. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.



