«Кыргызфильм» «Ажар» тарыхый тасмасын тартууга киришти

17-ноябрында Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында «Ажар» аттуу толук метраждуу тарыхый көркөм фильм өндүрүшкө жиберилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тасма кыргыз киносунун 85 жылдык мааракесине жана 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн — Үркүндүн 110 жылдыгына арналат.
Фильмдин режиссёру — КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат. Көркөм чыгарманын сценарийи Касымалы Баялиновдун ушул эле аталыштагы «Ажар» повестинин негизинде иштелип чыккан. Сценарийдин авторлору — Актан Арым Кубат, Марат Алыкулов жана Арслан Капай уулу.
Тарыхый драманын сюжеттик өзөгүн 1916-жылдагы Үркүн трагедиясы түзөт. Окуялар он эки жаштагы Ажардын тагдыры аркылуу баяндалат. Көтөрүлүш учурунда атасынан айрылган кыз апасы менен бирге Кытайды көздөй качкан миңдеген адамдардын катарына кошулат. Кар баскан ашуулар, ачарчылык, ызгаар суук жана куугунтук алардын өмүрү үчүн оор сыноого айланат. Каргашалуу окуялардын жүрүшүндө Ажар апасынан да айрылып, томолой жетим калат.
Долбоордун сценарийи алгач «Кыргызфильм» киностудиясынын Көркөм кеңешинде, андан соң Кинематография департаментинин Көркөм-эксперттик кеңешинде каралып, жактырылган.
Фильмди ишке ашыруу жана каржылоо маселелери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте жүргүзүлөт.



