Интернет үч айга өчүп, банктарга чабуул болобу? Улуттук банктын жообу

Интернетте 17-ноябрда дүйнөдө глобалдык «санариптик апокалипсис» болуп, хакерлер ири банктарга чабуул жасай турганы жана кардарлардын эсебиндеги акчасы жок болуп кетери тууралуу маалыматтар тараган. Ошондой эле бүткүл дүйнөдө интернет үч айга өчүрүлөрү айтылган.
Кыргызстандын Улуттук банкы бул маалыматтар расмий тастыкталбаганын билдирип, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.
«Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк кардарлардын, аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарын толук коргоо үчүн зарыл болгон бардык коопсуздук чараларын көрүүгө даяр экенин кошумчалады.
Башкы банк жарандарга текшерилбеген жана күмөндүү булактарга ишенбей, расмий маалыматтарга гана таянууну эскертет.



