Саясат

ЖК комитети Бишкекте жана Парижде маданий борборлорду ачуу тууралуу Франция менен макулдашууну жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 17-ноябрда Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Франция өкмөтүнүн ортосундагы маданий борборлорду түзүү жана алардын ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Макулдашууга 2026-жылдын 16-апрелинде Парижде кол коюлган.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдиргендей, документ күчүнө киргенден кийин Франция Бишкекте өзүнүн маданий борборун, ал эми Кыргызстан Парижде маданий борборун ача алат.

Анын айтымында, макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого, гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө, Кыргызстан менен Франциянын тарыхын, маданиятын жана искусствосун, ошондой эле илимий жана экономикалык дараметин даңазалоого багытталган.

Мамбеталиев макулдашууну ратификациялоонун өзү республикалык бюджеттен түз чыгымдарды талап кылбай турганын кошумчалады.

Мындан ары Париждеги Кыргыз маданий борборунун иши үчүн каржылоо талап кылынат. Тактап айтканда, каражат жер тилкесин ижарага алууга же сатып алууга, имарат курууга, кызматкерлерди жалдоого, борборду кармоого жана коммуналдык кызматтарга керектелиши мүмкүн.

Талкуу учурунда депутат Гуля Кожокулова (№ 22 округ) Париждеги болочок Кыргыз маданий борбору кыргыз жазуучуларын жана маданият ишмерлерин даңазалоо үчүн, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына байланыштуу колдонулабы деп кызыкты.

Мамбеталиев 2028-жылы борбордо маданий иш-чараларды, анын ичинде Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү пландалып жатканын айтты.

Мыйзам долбоору депутаттар тарабынан дароо биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button