Коом

Жоопкерчиликтен качпайм: ӨКМ башчысы Ала-Арчадагы кырсык боюнча түшүндүрмө берди

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Кыргызстандагы издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында депутаттарга отчет берип, «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында өспүрүмдүн өмүрү кыйылган каргашалуу окуяга кеңири токтолду.

Чыныбаевдин айтымында, 7-ноябрь күнү саат 19:02де 112 кызматына 2011-жылы туулган өспүрүмдөн телефон чалуу түшкөн. Ал «Ала-Арча» паркындагы Адыгене капчыгайынан түшүп келе жатып жолдон адашып калганын билдирген. Саат 19:06да маалымат Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун ыкчам нөөмөт кызматына билдирилген. Нөөмөтчү өспүрүм менен байланышып, анын Электро чокусунун аймагында жүргөнүн аныктаган.

Саат 19:43тө ыкчам нөөмөтчү окуя тууралуу маалыматты кайрадан 112 кызматына берген. Ал учурда паркта жүргөн куткаруучулар тобу менен байланышууга мүмкүн болгон эмес.

Министрдин маалыматына караганда, ошол учурда куткаруучулар Учитель чокусунан куткарылган 2008-жылы туулган жаранды эвакуациялап жатышкан. Куткаруучулар Рацека алачыгынын базалык лагерине жеткенден кийин алар менен байланыш түзүлүп, Электро чокусунун аймагында калган өспүрүм тууралуу маалымат берилген.

Ошол эле учурда Учитель чокусунан куткарылган жаран да жаракат алып, медициналык жардамга муктаж болгон. Куткаруучулар аны альплагерге жеткиришкен. Базалык лагерден ылдый түшүү эки саатка жакын убакытты алган.

8-ноябрда саат 00:16да куткаруучулар жабыркаган жаранды альплагерге жеткирип, кайрадан Электро чокусун көздөй жөнөшкөн. Караңгы кирип, тоонун рельефи татаал болгонуна карабастан, алар издөө иштерин саат 07:00гө чейин улантышкан. 8-ноябрь күнү бою жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери натыйжа берген эмес.

9-ноябрда издөө иштерине кошумча куткаруучу бөлүмдөр, Ички иштер министрлигинин токой кызматынын кызматкерлери, «Ала-Арча» жаратылыш паркынын кызматкерлери жана ыктыярчылар тартылган. Ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар колдонулган.

Саат 16:00 чамасында Электро чокусунун аймагынан өспүрүмдүн сөөгү табылган. Саат 21:30да ал ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

«Министр катары мен өзүмө жүктөлгөн жоопкерчиликтен качпайм. Адам өмүрү кыйылган жерде эч ким жоопкерчиликтен четте калбашы керек», — деди Чыныбаев.

Ал окуянын бардык жагдайлары объективдүү иликтенип, күнөөлүү адамдар ээлеген кызматына жана наамына карабастан мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгиледи.

Министрдин айтымында, бул факты боюнча тиешелүү кызматтык текшерүүлөр дайындалып, Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 11-ноябрда министрлер кабинетинин чечими менен министрдин орун басарлары, Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси жана Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун жетекчиси ээлеген кызматтарынан бошотулган.

Мындан тышкары, министрликтин буйругу менен кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Анын алкагында дагы үч кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан убактылуу четтетилип, тиешелүү материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Министр окуянын бардык жагдайларына укуктук баа берилерин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button