Сокулукта ата-энесинин унаасын айдап чыккан өспүрүмдөр кырсыкка кабылды

Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылында, Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун тилкесинде оор жол-транспорт кырсыгы катталды.
Күбөлөрдүн тарткан видеосунан жеңил унаа жолдон чыгып кетип, даракка урунганын көрүүгө болот. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы жана милиция кызматкерлери жетип келген.
Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгына учураган унааны 12 жана 13 жаштагы үч өспүрүм башкарган. Алар ата-энелери уктап жатканда унааны уруксатсыз айдап чыгышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан кийин балдардын экөө эсин жоготкон. Жерине келген тез жардам кызматы аларга алгачкы жардамды көрсөтүп, андан соң бардыгын ооруканага жеткирген.
Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери жана жабыркаган өспүрүмдөрдүн абалы боюнча расмий маалымат айтыла элек. Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул кырсык боюнча тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди.



