Окуялар
Ошто дарыгерлер 60 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө согуп турган шартта ийгиликтүү операция жасады

Ош шаарында 60 жаштагы жарандын жүрөгүнө жүрөгү согуп турган шартта уникалдуу жана татаал операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу ОшМУнун клиникасынын кардиохирургдары билдиришти.
Маалым болгондой, татаал хирургиялык аракети кардиохирург Жакшылык Абдимиталипов жетектеген дарыгерлер тобу ишке ашырган. Учурда дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында ийгиликтүү аяктаган операциядан кийин бейтаптын абалы туруктуу экени кабарланууда.



