Коом

Үч-Коргон ГЭСинде төрт гидроагрегат тең жаңыланды

Үч-Коргон ГЭСинде модернизациялоодон өткөн № 1 гидроагрегат ишке киргизилди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Муну менен ГЭСтеги төрт гидроагрегат тең модернизацияланып, станциянын жалпы кубаттуулугу 36 МВтка жогорулады. Буга чейин гидроагрегаттардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзсө, модернизациялоо иштери аяктагандан кийин 216 МВтка жетти.

2026-жылдын ичинде бир эле учурда эки гидроагрегат — № 2 жана № 1 гидроагрегаттар жаңыланды.

Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. 60 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жаткан станцияда бул негизги жабдууларды жаңыртуу боюнча алгачкы масштабдуу модернизациялоо болуп саналат.

Тектеш кабарлар

Back to top button