Коом

УКМК:  Чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма уруксат кагаздарын даярдоо фактысы аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын айрым жооптуу аскер кызматкерлери тарабынан Ош облусундагы чек ара аймагына кирүү үчүн жарандарга системалуу түрдө жасалма уруксат кагаздарын даярдап берүү фактылары аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (кызматтык абалынан пайдалануу менен алдамчылык) жана 379-беренесинин 1-бөлүгү (документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2026-жылдын 25-ноябрында Ош чек ара отрядынын Ж.у.Б. жана И.З.М. аттуу аскер кызматкерлери кармалып, гауптвахтага камакка алынды.

Кармалган аскер кызматкерлери акчалай сый акы катары 1 000 сомдон 4 000 сомго чейинки өлчөмдөгү каражатты алуу менен жарандарга чек ара аймагына кирүү үчүн жасалма уруксат кагаздарын системалуу түрдө даярдап, өткөрүп берип келишкендиги аныкталды.

Учурда кармалган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин башка мүмкүн болгон фактыларын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка шериктерин аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Кыргыз Республикасынын УКМКсы чек ара аймагына жана чек ара тилкесине кирүүгө уруксат алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Мамлекеттик чек араны коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга кабарлоо менен) кайрылууга тийиш экендигин эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button