Окуялар

Эстен танганча боорго тепкилеп өлтүргөн

Кечээ, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы тургуну А.О. аттуу кишинин сөөгү табылды.

Милициянын ыкчам тергөө тобу маркум киши колдуу болуп өлгөнүн аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун боору катуу соккудан улам жарылып кеткенин, анын өлүмүнө ошол себеп болгонун тастыктаган.

Бул кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын жашоочусу, 46 жаштагы А.Б. кармалып, Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Маркум менен кылмышка шектүү жаран автоунаанын документинин айынан мушташа кеткен. Кылмышка шектүү маркум жыгылып түшкөн кезде боор тушуна тээп жибергенин жана аны эстен танган абалында калтырып, кетип калганын мойнуна алды.

Ал эми милициянын маалыматына караганда, маркум беш жыл мурун жубайы менен ажырашып, ошондон бери жалгыз жашап жаткан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button