Маданият

Чыңгыз Рыскелдиев: “Ал кызды сурагандардын аягы суюла элек”

Чыгармачылыкта иштеген адамдардын жан дүйнөсү башкача болот эмеспи. Сөз кадырлап, сөз баккан адамдардын көбү адамдык сапатка аябай маани берип калаарынан да болсо керек. “Кыргыз радиосунун” жана “Пирамида” каналынын алып баруучусу Чыңгыз Рыскелдиевдин да чыгармачылыгынан жана балалык дуйнөсүнөн кепке тарттык.

— Чыңгыз мырза, мектептеги эсте калган окуяңыз эстесеңиз?

— Негизи ар бир эле адам эң бактылуу учурун айт десе балалыгын, анын ичинен мектеп курагын айтса керек. Мен дагы окуучулук күндөрүмдү конкурстун, турнирлердин коштоосунда өткөрдүм. Эсте калгандары ушулар. Өзүм абдан жоош бала элем. Бар-жогум деле билинчү эмес. Бирок КВН, конкурс, концерт десе сөзсүз чакырылчумун. Эл алдында тартынбай ырдачумун. Андан кийин эркин күрөштү өздөштүрүп күрөшүп жүрдүм. Эсимде калганы классташ кыздарым менин ырдаганымды аябай жактырышаар эле. Коңгуроо кагылды дегиче бир партаны тегерете отуруп алышып: “бул ырды ырда, тигил ырды ырда” деп буйрутма берип, ырдатышчу. Ошончо ырдын сөзүн каяктан жүрүп жаттап алчумун азыр түшүнбөйм. Эсте калган бир окуяны айтып берейин. Биз 4-класста окучубуз. Менин атам жүк ташуучу машина менен Токмокко мал тартып иштечү. Акчаны жакшы табат эле. Анан башкалар ала элек нерсени мен биринчи алчумун. Бир күнү он эки түрлүү фломастер алып келип берди. Эми көзүбүзгө укмуш көрүнөт. Азамат деген досум бар. Экөөбүз үйгө отурдук да класстагы кыздар балдарды бири-бирине кошуулап, “ал муну сүйөт, тигил тигини сүйөт” деп жазып чыктык. Ошол жазылган дептер каяктан жүрүп сумкама түшүп калганын билбейм, класска мени менен кошо барыптыр. Баягы дептерди жанымда отурган Айгерим деген классташ кызым көрүп калса болобу?! Ал дароо класс жетекчибизге берип салды. Мына анан ызы-чуу. Азамат экөөбүз кылмышкердей эле болдук (күлүп). Эжекебиз “бар эшикке чыккыла!” деп класстын сыртына тургузуп койду. Ары-бери өткөн мугалимдер “не турасыңар?” десе экөөбүз шылкыябыз. Эртеси ата-энеңерди чакырып келгиле деди. Эртеси күнү мен сабакка барбай койдум. Үйдө  да өзүнчө ызы-чуу болдук (күлүп). “Не болду?”- деп апам сурайт мен шолоктоп ыйлайм. Айтор, түстүү боёгучтарды көрсөм эле ошол окуя эске келе берет.

— Үйрөнгүңүз келген нерсе?

— Үйрөнгүм келген нерсе өтө көп. Өмүрүңдүн акырына чейин үйрөнүп бүтпөйсүң дешет го. Ал эми учурда мен үйрөнгүм келген нерсе англис тили менен улуттук аспабыбыз болгон комуз. Себеби түрк тилин билгендигимден Түркиянын башкы каналы ТРТга эки ирет алып баруучу болуп иштеп келдим. Ошол жерден ушул эки нерсенин азабын тарттым. Ал жер эл аралык медиа. Башка улуттар абдан көп. Кызыгып:  “кыргыздар кандай эл, ырлары кандай?” – деп сурашчу. Ал жерден ырдап берем. Бирок а’капелла ырдасам супсак сыяктуу сезилип калды. “Атаңгөрү комузду үйрөнүп албай” деп көп жерден кейип калдым. Ал эми Европада англис тили бардык улутка ортомчу болуп берет экен. Интернетте дагы англис тилинде маалымат көп. Ошон үчүн үйрөнгүм келип атат. Жакында ушул экөөнү ишке ашырсам деп өзүмдү даярдап атам.

— Эмнеден баш тарта албайсыз?

— Нарындыкмын да, эттен баш тарта албайм (күлүп). Чынында башка тамактарды жөн эле четке чыгарып коём, бирок этке келгенде жебей калсам жаман болуп кетем. Кичинебизден эт жеп чоңойгонгобу такыр танбайм. Андан тышкары спорттун футбол түрүнө акыркы учурда абдан кызыгып кеттим. Эгер оюнга команда чакырып калса не жумушум болсо да, жылыштырып туруп кетип кала берем.

— Кандай кыз көңүлүңүздү арбашы мүмкүн?

— Бала кезде сулуу болсо деп кыялданат элем. Улам жаш өйдөлөгөн сайын турмушту өзүң менен эриш-аркак алып кете турган түгөйдү издейт экенсиң. Бирок мен ушу кезге чейин кыз-жигит болуп сүйлөшпөгөнүм үчүн бул жаатта тажырыйбам жок (күлүп). Антсе дагы адам катары азыр кыялдана турган болсом түшүнүктүү, оор басырыктуу болсо дейм. Анан ошол назик жанды өз камкордугума алып эч нерседен кем кылбай баксам деген тилегим бар.

— Бир басылмага уялчаакмын деп маек бериптирсиз. Уялчаактык мүнөзүңүз убайым тарттырган жокпу?

-Аны азыркы тил менен айтканда “хайп” деп коёт экенбиз. Маекти алгандар өзүмдүн жакын досторум. Мен Кыргыз радиосу жөнүндө маек берген элем. Эң акыркы суроо катары өздөрү кошуп туруп, кайра жооп жазып коюшуптур. Анан теманы да ошол жооптон алышыптыр. Мен үчүн абдан күлкүлүү болду. А мени тааныгандар үчүн абдан кызык болду. Ал ким деп ал кызды сурагандардын аягы дагы деле суюла элек.

— Чыгармачылыктын казанына кайноо оор бекен же жеңил элеби?

-Чыгармачылыктын казанында кайноо мен үчүн жагымдуу дейт элем. Түйшүксүз иш болсо анын даамы сезилбейт. Ошон үчүн адамдар түйшүк тартып анан чыгармачылык жол улайт. А ал түйшүктөнүү — эгер жасап аткан ишиңди сүйсөң өтө жагымдуу болот. Ушул чөйрөдөн ордумду таап келатканыма өтө сүйүнөм. Барган сайын жаңы нерсе жаратуунун жана ишти профессионалдык деңгээлде аткаруунун аракетиндемин. Демек мен үчүн бул нерсе оор же жеңилден да өтө жагымдуу!

Ырысгүл Изатова

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button