Дамир Арстанбеков, ырчы: “Максатым президенттин стипендиясын алуу болчу»

Өзү студент болсо да көптөгөн ийгиликтерди жаратып, коңур үнү менен көптөрдү таң калтырып келе жаткан ырчы Дамир Арстанбеков жаштарга үлгү болчу маекти куруп берди.

Дамир мырза, жакында өлкө башчыбыздын колунан «Президенттик стипендия” алдыңыз. Куттуктайбыз! Бул сыйлык сизге стимул берип, дагы да өсүшүңүзгө өбөлгө түзүп жатса керек.

– Чоң рахмат. Азыркы учурда Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнин 4-курсунун студентимин.  Университетке тапшырарда да көп максаттарды койгом. Алардын бири Президенттин стипендиясына жана “Мактоо баракчасына” жетүү, ошондой эле эл аралык конкурстарга катышуу болчу. Кудайга шүгүр, президенттин стипентиясына татып, Кыргызстанда өткөн “Эл ырчысы” сынагынан баш байгеге ээ болуп “Рorsche cayenne” авто унаасын уткам.  Ошондой эле Казакстандагы өткөн “i am singer”  конкурсуна катышып өзүмө көптөгөн тажрыйба алдым. Максаттарым өз орду менен орундалып келе жатат. Буюрса кыргыздын атын дүйнөгө таанытсам дейм.

–  Сиздин уникалдуу үнүңүз бар десек жаңылышпайбыз. Бул табийгат берген талантпы же талыкпаган эмгекпи?

-Рахмат.  Албетте, Кудайым берген белек,  ал эми бул үндү туура тарбиялоо жана максаттарыма жетүү үчүн талыкпай иштеп жатам.

–  Кыргыздын кайсы улуттук аспаптарында кол ойнотосуз?

–  Тилекке каршы эч бир улуттук аспаптарды ойнобойм. Буюрса комуз үйрөнөйүн деген пландарым бар.

– Байлык менен бакыттын байланышы барбы?

–  Жан дүйнөңдүн байлыгы – руханий байлык. Ден-соолук, алган билим, окуган китеп, ата-энем, бир туугандарым, досторум мени жакшы көрсө, сыйласа, урматтаса бул менин байлыгым жана бакыттым. Ал эми материалдык байлык менен бакыттын айырмасы өтө эле чоң.

–  Стилинизди башка нукка буруп өзгөртүүлөрдү киргизейин деген оюңуз барбы?

– Чыгармачылыкка жаңы кадам таштап жаткандыктан, ушул стилде чыгып жатам десем жаңылышам. Ар тараптуу, ар түрдүү жанрда эмгектерди жаратам деген максаттар бар.

– Аялзатындагы эң мыкты деп эсептеген сапаттар?

– Аялзатынан баалаган сапатым бул жөнөкөйлүк, боорукерлик, эмгекчилдик.  Бул сапаттар аялзатынын сырткы сулуулугуна көрк кошот.

–  Ийгиликке эң оңой жетип алган адамдарды билесизби?

Билбейт экенмин. Кандай ийгилик болбосун анын артында талыкпаган эмгек турат деп ойлойм.

Маектешкен Ырысгүл Изатова