Коронавирустан көз жумгандардын саны Кытайда миңден ашты

Кытайда коронавирус жуктургандардын саны 42638 кишиге жетип, анын ичинен  1016 адам көз жумганын Кытай Эл Республикасынын саламаттык сактоо мамлекетитик комитети билдирди. Өткөн бир сутканын  эле ичинде коронавирусту  2478 киши жуктуруп алган.

Ушул учурда Кытайда 37 миң киши ооруканаларда дарыланып, 4 миңге чамалаган адам айыгып чыккан.

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кытайдын финансы министрлиги 10 миллиард АКШ долларын бөлгөн.

Abal.kg