Маданият

Сүймөнкул Чокморов жарым жыл баспай калып…

Кыргыз экранынын жыйырманчы кылымдагы эң атактуу актеру Сүймөнкул Чокморовдун эркинин күчтүүлүгү, духунун майтарылбастыгы аңыз сыяктуу айтылып келе жатат.

“Кара-Караш” фильмине тартылып жатканда Сүлүккарасы сууга агып, өзү бөйрөгү менен тизеси оорулуу экенине карабай Көкөмерендин таштай муздак тоо суусуна кирип, солк этпей чыдаганынын; же болбосо “Жалаң эр-азаматтар” (“Мужчины без женщин”) киносуна түшүп атып, эки бийик асканы бириктирген тростон тартылган асма жолдон  кулап кетип, бөйрөгүн андан  бетер жанчып алганына карабастан, тасманын аягына чыкканын эстесек, анын эркинин канчалык майтарылбас темирдей бекем экенин баамдайбыз.

Мындай темирдей бекем дух Сүймөнкулда бала кезинен калыптанган. Кышында кычыраган аязга карабай айылы Чоң-Таштан кыйла жерге жөө мектепке барып, окуп-келип жүргөн кичинекей Сүймөнкул, Фрунзедеги агасы Намырбектикине жатып окуп атканда, 11-12 жашында тизе оорунун айынан тумтак баспай калган. Врачтар аны ушул бойдон өмүр бою баспай, инвалид болуп калат деп корукунчтуу диагноз коюшкан. Өспүрүм жарым жыл тизесинен тура албай, төрт аяктап кыймылдоого мажбур болуп, темир кербетте былк эте албай жатып калат.

Уулунун мындай абалын көргөн атасы Чокмор менен апасы Какинди санаа басып, сары убайым тартышат. Кудай жалгап Вера Константиновна Гуревич деген орус врач айылга участкалык дарыгер болуп келип калат. Баланы бир көрөйүн деп барган Вера Гуревич, эгерде ал ооруганына карабай машыга турган болсо анда айыгып кетээрин айтат. Сүймөнкул врачтын талабына көнүп, дарыланып да, жан чыдатпай катуу ооруганына карабай да, токтолбостон машыккан. Ошентип көгөрүп жүрүп алты ай турбай калган Сүймөнкул оорусунан какыс айыгып кеткен.

Сүймөнкул Чокморов «Караш-Караш окуясы» тасмасында

Бул факт Сүймөнкулдун эрки, духу бала кезинен эле калыптанганынан кабар берет. Эгерде ушундай темирдей эрки болбосо Сүймөнкул Чокморов аймакка атагы чыккан улакчы, дүйнөгө белгилүү болгон экрандын жылдызына айлана алат беле?..

Өрнөктүү өмүр деп ушуну айтабыз.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button