Коом
2025-жылга чейин Бишкек шаары 8 миң гектарга кеңейет
Чүй облусуна тиешелүү айрым аймактардын эсебинен Бишкектин аймагы 8 миң гектарга чоңоет. Бул тууралуу кечээ Бишкек мэриясынын коллегиясында айтылды.
Ордо кааланын чек арасын аныктоо Аламүдүн районунун администрациясы менен кээ бир келишпестиктерден улам кечеңдөөдө.
2025-жылга чейин шаардын түштүк-чыгыш тарабындагы Чүй облусуна тиешелүү болгон аймак Бишкекке кошулат.
Эскерте кетсек, Бишкектин аймагы учурда 18 миң гектар, эми дагы 8 миң гектарга кеңейиши пландалууда.
Abal.kg