Ат-Башыдагы митинг: Кытай инвесторлорго кабыл алынган резолюция сунушталды

15-февралда Ат-Башыда курула турган Логистикалык борбордун долбооруна байланыштуу тынчтык митинги болуп өттү. Жергиликтүү эл жана жаштар чогулуп, өз талаптарын айтышты. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынып,  кытайлык инвесторлорго жана бийлик өкүлдөрүнө жиберилди.

“Биз, “Ат-Башы жаштары 15-февралда чогулуп, Кытай инвесторлоруна каршы талаптарыбызды айтып, резолюция кабыл алдык. Аны тийешелүү органдарга жолдодук. Тилекке каршы Ат-Башыдагы абалды бурмалап, башка саясий күчтөр өз кызыкчылыктарына колдонгусу келип жатат. Биз алардын аракеттерин кескин сындап жана аралашпоосун талап кылабыз.  17-февралда чыгабыз деп маалымат таратып жаткандар – чагымчыл күчтөр экенин кабарлайбыз. Алар, ызы-чуу кылып,  ал тургай кан төгүүгө камынып жатканын дагы уктук. Биз, Ат-Башы жаштар коому элди чагымчылдарга ишенбөөсун жана аларды эрчибешин эскертебиз”- дейт жергиликтүү активисттер.

Abal.kg