Саясат

Депутат Алмазбек Акматов Нарындагы пенсионерлердин акчасы мыйзамсыз кыскарып жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Акматов кечээ парламенттин жыйынында Нарын облусундагы пенсионерлердин акчасынын азайып жатканы боюнча маселени айтты.

Ал: “Мага тоолуу аймакта – Нарын областында жашаган персионерлерден кайрылуу болуп жатат. Мен 2018-жылы Нарын областындагы көп жылдар бою иштеп, пенсияга чыгышкан Куралдуу күчтөр менен Ички иштер органдарында иштеген аскер ветерандарынан келген көйгөйлүү маселени көтөрдүм эле. Кайрылууда ветерандардын пенсиясынан мыйзамсыз түрдө бийик тоолуу  райондогу коэффицентти кармап, бердирбей жаткандыгына нааразычылык пайда болгон. Азыр болсо, ушундай мазмундагы кайрылуу Нарын областындагы жалпы (граждандык) пенсионерлерден келип жатат. Пенсинерлердин каттоосу Нарын областында болсо дагы, соцфонддон жашаган жерин келип текшеришип, 1-2 ай жашабай калса автоматтык түрдө пенсиясынан бийик тоолуу коэффицентти кесип салышат экен.  Аскер ветерандарынын үстүнөн иш козгоп, соттордо сүйрөлүп жүрүшөт. Муну кандай түшүнсө болот? Өмүр бою климаты катаал, тоолуу аймакта 30-40 жылдап жашап иштешсе, ден-соолугун жоготсо, анан ден-соолугуна карап ылдый жакка жашайын десе, же дарыланганы кетсе, балдарына кетсе — пенсиясынан  мындай коэффицентти кесип салышат экен?Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде пенсионер-ветерандар бийик тоолуу, жашоо-шарты катаал аймактарда иштеп, пенсияга чыккандар өмүр бою кошумча акы алууга укуктары бар жана бул мыйзам менен бекиген,- деди депутат.

Бул маселе тез арада чечилип, чара көрүлүшү керек экендигин кошумчалады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button