Коом

Ак элечекчен аялды “Уят!” деп кууган митингчилер кимдер? (видео)

Бүгүн Бишкек шаарындагы Уркуя Салиеванын айкелинин жанында Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо боюнча тынчтык митинги болду.

Митингде өлкөдөгү аялдарга болгон зордук-зомбулукка каршы сөздөр айтылып, экс-президент Роза Отунбаева да келип, коомдогу  аялдардын орду, укугу тууралуу сөз сүйлөдү.

Бүгүнкү митингге келген айрым жаштардын колунда уят сөздөр жазылган баракчаларды да көрүүгө болот. Митинг ортолоп калганда  ак элечек айым да колуна микрофон алып, жаңыдан гана сүйлөйүн деп жатканда митингдин катышуучулары кыйкырып, “Уят! Уят!” деген сөздөрдү айтып, сүйлөгөнгө да мүмкүнчүлүк берген жок.

Коомчулукта  ак элечекчен аялды митингдин катышуучулары кыйкырып, сүйлөтпөй, кууганы катуу сынга алынууда.

“Дүйнө жүзү көрүп турган интернеттен, бүгүнкү аялдардын укугун коргоо митингинде ак элечекчен аялды сүйлөтпөй кууганы, Кыргызстан элинин аялга деген сый-урматына шек келтирип жатат. Аялдардын укугун коргойбуз деп митингге чыкканыбыз кайсы, улуу ак элечекчен аялды сүйлөтпөй кууп чыкканыбыз кайсы…  Бул жерге экс-президент Роза Отунбаева келип сүйлөгөнү, митингге келген ар кандай көз караштардагы адамдарга дем бердиби? Дүйнө жүзү биздин ак элечекчен аялга болгон мамилебизди көрдү, уят эле болдук,»- деп жазышты интернет колдонуучулары.

Эскерте кетсек, 8-мартта “Феминалле” жана “8/365” деп аталган коомдук кыймылдары тарабынан уюштурулган уруксаатсыз  митингге чыккандарды милиция күч менен тараткан эле.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button