Коронавирус. Казакстанда дагы бир аял көз жумду
Нур-Султан шаарында коронавирус жуктурган экинчи адам каза болду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү ММКларды жазышты.
«Учурда 31-мартта шаардагы ооруканада жаткандардын саны 1 693 адамды түздү. Алардын 96сы балдар. Нур-Султан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 175ке жетти. Алардын 159у дарыланып жатат, 15 киши жакшы болуп үйүнө чыгарылды. Тилекке каршы, бүгүн бир адам көз жумду», — деп билдирген Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Сауле Кисикова.
Анын айтымына караганда, 50 жаштагы киши ооруканага Тез жардам менен 21-мартта түшкөн.
«Бир айга чукул ооруп жүргөн. Командировкага көп чыккандыктан, дарыгерлерге кайрылууга шарты болгон эмес. Анын жакындары 31 адам — туугандары жана чогуу иштегендер ооруканага жаткырылган. 55 адам байланышта болгондуктан үй карантинине алынды. Үй-бүлөсүндөгү эки адамдан коронавирус чыкты», — деп кошумчалаган Кисикова.
Бул Казакстандагы COVID-19дан көз жумган экинчи адам болду.
Abal.kg