Гриппке тийишпесек коронавирус чымак эмес дейт профессор

COVID-19 пандемиясынын тез жайылышы медиктердин гриппке каршы ийгиликтүү  күрөшүнүн натыйжасы, деп эсептейт, эпидемиология боюнча эксперт, профессор Игорь Гундаров. Бул туурасында 1-апрелде  Утро жазып чыкты.

Анын пикири боюнча, акыркы 15 жылдын ичиндеги А менен Б грипптеринин штаммдарына каршы массалык эмдөө (вакцинация) бул ооруларды жойду. Бирок анын оордуна жаңы оорулардын козгогучтары келди.

“Гриппти жойдук, а анын ордуна корнонавирустун штаммдары көбөйдү. Өтүгүбүз менен бир вирусту жалпайтып, анын ордуна башка вирусту өстүрүп чыгардык”, -деп түшүндүргөн окумуштуу  “Вечерняя Москвага” берген интервьюсунда.

Анын оюу боюнча азыркы пандемия жакында басаңдайт, анткени коронавирус жайкысын активдүү эмес. Бирок, келаткан кышта бул оорунун кайрадан катуу өөрчүгөнү күтүлөт. “Андан да жаманы, адамзат азыркыдан да коркунучтуу эпидемиямияларга туш болушу толук ыктымал”, – деп кошумчалады профессор.  

Abal.kg