Дүйнө

Бир күндө 22 000 кишини өлтүргөн канкор(видео)

Бронемашина менен автоматчан барышып, кылмышкерди эс алып жүргөн жеринен туш тарабынан курчашкан атайын кызматтын (спецслужб) кишилери, аны көргөндө өзүлөрүн ыңгайсыз сезишкен. А ал болсо белине чейин жылаңачтанып алып, гүлдүү жука шорты, бутуна  жеңил бут кийим  кийип, колуна коктейль куюлган бокалды алып, бейкапар гана турган.    

Жашоосуна көңүлү ток болуп, чачын элеганттуу кыска алдырган бул улгайган кишинин аты-жөнү Франц Штангль,  Бразилиянын урматталган жараны.  Андан 16 жыл илгери биякка Сириядан келген, 59 жаштагы «Фольксваген» заводунун инженери,  мыйзамдуу отпускасын алып, Сао Бернарду ду Кампо пансионатында эс алып жүргөн. Аны кармаганы келишкендер Сан-Паулу шаарынын полициясы болчу. «Жигиттер, эмне мынча ызы-чуу чыгарып атасыңар? Мен эч кандай каршылык көрсөтпөй эле барам силер менен, анан өзүңөр эле мени кое бересиңер, көрөсүңөр” деген Штангль.

Документтерге караганда бул окуя 1967-жылы 28- февралда өткөн. Нацисттик Германия жеңилгенден кийин,  Собибор менен Треблинк концлагерлеринин коменданты болуп иштеген Штангль качып чыккан. Жада калса фамилиясын да өзгөрткөн эмес. Сан-Паулунун полициясы аны түрмөгө салганда : «Ак ниети менен кызмат өтөгөндөрдүн баарын жазалаш керекпи, кандай дейсиңер!» деп катуу нааразы болгон.  

Бул адамга — ССтин мурдагы гауптштурмфюрери, Собибор менен Треблинк өлүм лагерлеринин  комендантына, адамзатка каршы кылмыш кылган деген айып тагылганда ал чын ниетинен таң калган:  «Туура, газ камераларын орнотконум чын. Бирок менин абийирим таза. Мен өз ишимди ак ниетим менен аткаргам» деп айткан.

Собибордо кызмат өтөп аткан учурунда,  4 айдын ичинде эле Штангль 100 000 еврейди өлтүргөн. А жападан жалгыз бир күндүн ичинде Треблинкте 22 000 (!) туткунду өлүмгө кыйган. Франц Штанглдын колу менен 1 000 000 күнөөсүз адамдар жок кылынган.

Мына фашизмдин жүзү!

Бул материал Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата  чыгаргарылды.

PS.: Франц Штангль тууралуу бул макала Валерий Зотов тарабынан АиФ.руга чыккан. Макала кыскартуулар жана редакциялануу менен берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button