Кыргызстанда дагы 14 кишиден коронавирус чыкты. Баш-аягы 144кө жетти

Бул туурасында саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын начальнигинин орун басары Касымбек Мамбетов бүгүнкү брифингде билдирди.

Анын айтуусунда Бишкекте -1, Ошто — 2, Ош областында — 5, Жалал-Абад областында — 6 учур каталды.

Кыргызстанда бүгүнүкү күнгө карата вирус жуктурганы аныкталган 144 жаран бар. Бир адам каза тапты, алтоо айыгып  чыкты. 2200 киши алар менен контакт болгон.  

Abal.kg