М.Абылгазиев: Оорулуу менен катнашта болгон акыркы адамды аныктамайын, карантинди токтото албайбыз

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Өкмөт башчы белгилегендей, адамдар ортосундагы байланышты минималдштыруу боюнча аракеттер – коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

 «Тесттердин бардыгынын анализдери чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Биз үчүн ар бир жараныбыздын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100% жок деген ишеним керек. Бүгүнкү күндө бардык медициналык дары-дармектер жана жабдуулар жетиштүү, бирок запастарды убагында толтуруп туруу керек. Ошол үчүн дагы ала турган муктаждыктардын эсеби күн сайын чыгарылып жатат. Өкмөт медициналык кызматкерлерди тийиштүү каражаттар менен камсыздоого жана коронавируска каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Abal.kg