Маданият
Айгерим Расул кызы менен Сыймык Бейшекеев элге жардам таратышты(видео)
Жакшы жөрөлгө: кыргыз элинин байыртадан берки жоомарттык салты кайрадан кайтып келди окшойт. Эпидемия каптап, эл башына күн түшүп турганда, колунда бар кыргыздын уул-кыздары мүңкүрөгөн калкына жардам бере баштады.
Ошол берешен, жоомарт уул-кыздардын ири алдында маданияттын өкүлдөрү үлгү көрсөтүп жатканы, сыймыктантат.
Жакында эле «Элим барсыңбы» коомдук фонду аркылуу Сыймык Бейшекеев колу жукарган улутташтарынын бир тобуна жардам кылган. Эми минтип, кечээ 19-апрелде Ошто, таланттуу ырчы, актриса Айгерим Расул кызы жубайы экөөлөп аз камсыз болгон жердештерине азык-түлүк таратып, соопчулук кылышты.
Abal.kg